Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Бишкектеги “Ош” базары убактылуу жабылат

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 1687 | 0

Бишкек шаарындагы негизги базарлардын бири —  “Ош” базары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов Өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйынында кабарлады.

Анын айтымында, “Ош” базарынан да коронавирус табылган. Буга байланыштуу базар дезинфекциялоого жабылат. Учурда аны качан жабуу жана кайра качан ачуу маселелери каралууда.

Бишкекте, мындан тышкары,  «Орто-Сай» базары да 13-июнга чейин жабылды. Ал жерлерде да дезинфекция иштери жүргүзүлөт.

-Шаардык санэпидкөзөмөл борборунун сунушу менен «Орто-Сай» базарынын иши 10-июндан 13-июнга чейин дезинфекциялоо чаралары үчүн убактылуу токтотулду. Ошондой эле, «Ош» базарында коронавирус жуктурган учурлар чыкты. Азыркы күндө Ош базарын дагы жабуу маселеси каралууда, — дейт Алымкулов.

Кыргызстанда 10-июнга карата коронавирус илдетин жуктургандардын саны 2093кө жетти. Илдеттен 1572 жаран айыгып, 26 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM