Биз менен байланышыңыз

“Айтматов ааламы” аттуу эскерүү иш-чарасы өтөт

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 543 | 0

Бүгүн, 10-июнда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөн күнүнө карата “Айтматов ааламы” аттуу эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары — Онлайн Университети платформасы фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ага белгилүү адабиятчы, профессор, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Осмонакун Ибраимов, түркиялык адабиятчы, Кыргызстан Айтматов академиясынын мүчөсү Орхан Сөйлемез жана учурда Түркиянын Карабүк университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы Түрк Дүйнөсүн изилдөө борборунун жетекчиси доцент Жылдыз Исмаилова катышат.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Улуу ойчулдун туулган күнү жана көзү өткөн күнүнө арналган иш-чаралар Түркияда, Кытайда, Орусияда, Казакстанда өтүп, гүл бактарына ысымы ыйгарылып, эстелик коюу уланып келет. Анын чыгармачылыгы, дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы тууралуу кыргыз эли гана эмес, эл аралык деңгээлде эскерилет.

2018-жылы Айтматовдун 90-жылдык мааракеси эл аралык денгээлде белгиленип, БУУнун Башкы Ассамблеясында, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунда, Орусия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларусь, Англия, Германия, Япония, Кытай жана башка өлкөлөрдө иш-чаралар өткөрүлүп, айкелдер тургузулуп, бир катар көчөлөргө, маданий жайларга ысымы ыйгарылган.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы, 12-декабрда Талас облусунун Шекер айылында төрөлгөн. Анын китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, 128 өлкөдө 100 миллиондон ашык нуска менен жарык көргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM