Биз менен байланышыңыз

Дастан Догоевдин отставкага кеткени айтылууда

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 462 | 0

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев өз арызынын негизинде отставкага кеткени айтылууда. Азырынча анын арызына кол коюла элек.

Бул маалыматты тастыктоо үчүн Дастан Догоевдин өзү менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.

Дастан Догоев маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп 2019-жылдын 30-майында дайындалган.

2018-жылы 5-июнда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Дастан Догоев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон.

2017-жылдын 22-июнунан 2018-жылдын 19-ноябрына чейин ал Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп болуп иштеди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM