Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан» партиясында эки жаңы депутат

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 238 | 0

«Кыргызстан» партиясынын тизмесиндеги депутаттыкка талапкер Бейшенаалы Нурдинов мандат алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Мындан тышкары, ушул эле партиядан Замирбек Эсенаманов да Жогорку Кеңештин депутаты болду.

9-июнда «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков мандатын тапшырды. Ага чейин «Кыргызстан» фракциясынын дагы бир депутаты Руслан Чойбеков да мандатын тапшыруу тууралуу арызын жазган.

Партиянын тизмесиндеги кийинки талапкер Руслан Молдошев тизмеден чыгарылган.

Руслан Чойбеков 2018-жылы апрель айында Дамирбек Асылбек уулунун ордуна депутат болуп келген. Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда аткезчилик боюнча кармалган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM