Биз менен байланышыңыз

Президент бюджет мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоду

Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 426 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков республикалык бюджеттин 2020-жылга карата долбоору жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 21-майда кабыл алынган. Ага ылайык, 2020-жылга республикалык бюджеттин кирешеси 135 млн 346,8 миң. сомду түзүп, ал эми чыгашасы 163 млн 39 миң сом деп бекитилди.

Республикалык бюджеттин тартыштыгынын чектик өлчөмү 27 млн 692,2 миң сом суммасында белгиленди.

Быйылкы жылга карата бюджеттин түзүлүшү коронавируска каршы багытталган чаралардын натыйжасында, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен кайра каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM