Биз менен байланышыңыз

Асылбек Жээнбеков кара куурайдын пайдалуу түрүн эгүүнү сунуштады

Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 2333 | 0

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 8-июндагы жыйынында Желим баштыкчаларды алып келүүгө, өндүрүүгө жана  сатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун талкуулаган.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери бир жолу колдонулчу желим баштыктарды өндүрүүгө тыюу салуу кыйын болгондуктан, аны башка материалдан өндүрүүнү сунушташат.

Депутат Асылбек Жээнбеков да мындан 7 жыл мурда ушул маанидеги мыйзам долбоору сунушталганын, бирок ал колдоо таппаганын эске салды. Ал экологияны желим баштыктардан тазалоо үчүн кара куурайды өстүрүп, андан пакет жана идиштерди жасаса болот деген сунушун айтты.

Мына бүгүнкү күндө Өзбекстан кабыл алды, Казакстан кабыл алды. А бизде кендир (кара куурай) жөн эле өсүп жатат, аны жылда жок кылабыз, жок кыла албай жатабыз десек болот. Бирок учурда анын башка сорттору сунуш кылынып жатат, ошону эксек болот. Андан бир жылда жок болуп кете турган пакет, идиштер арзан эле даярдалат экен. Мына ушул мыйзамдарды кабыл алып берсек, көп нерсеге таасир этет, — дейт эл өкүлү.

Аталган комитет «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» иыйзам долбоорун 1-окууда карап, жактырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM