Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Мамлекеттик ишканалар 53 млн сомдук жардам көрсөттү

Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 383 | 0
Мүлк фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов

Коронавирус менен күрөшүүгө мамлекеттик ишканалар жана акционердик коомдор тарабынан 53 млн сом жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов билдирди.

Анын ичинен 24 млн сом акчалай, ал эми 29 млн сом азык-түлүк түрүндө берилген.

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус менен дагы 23 адам катталды. Ушуну менен коронавирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 2055ке жетти.

Бир сутканын ичинде 38 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Республика боюнча жалпы 1483 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми каза болгондордун саны 24кө жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM