Connect with us

Салыкчылардын ишин мониторингдөө борбору түзүлдү

Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 460 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында аналитикалык борбор түзүлдү. Жаңы башкармалык — салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча резервдерди аныктоонун сапатын жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Башкармалыктын милдети — аймактык салык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, салык төлөөчүлөрдүн базасы боюнча талдоо жүргүзүү, салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жашыруун схемаларын табуу.

Мындан тышкары, аналитикалык борбор ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүү алкагында товарларды эсепке алуу пункттарынын ишине көзөмөл жүргүзөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM