Биз менен байланышыңыз

Пирматов: Канттагы авиабаза тууралуу маселе саясатташып кетти

Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 582 | 0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Канттагы авиабаза тууралуу мыйзамды өзгөртүү маселесин карап, колдоп берди.

Анда депутат Исхак Пирматов бул маселе саясатташып кеткенин, коомчулукка туура эмес маалыматтар тарап жатканын айтты.

«Мына менин колумда 2012-жылы кабыл алынган келишим турат. Биз буга Кыргызстандын кызыкчылыгын камтыган 1-2 пункту гана киргизип жатабыз. Тагыраагы, 2016-жылы буга чейин ижарага берилген жерлерди биргелешип инвентаризация кылганда 17 гектар жер ашыкча чыгып калган. Буга байланыштуу ал жер үчүн кошумча жыл сайын 291 миң доллар акча төлөнсүн деген максатта өзгөртүүлөр сунушталды”.

Депутат мындан тышкары, Орусия 2012-жылдан бери негизсиз которбой жаткан 4,5 миллион доллар акчаны дагы түшүрүү максатын көздөп жатышканын айтты.

Протокол боюнча, авиабазанын учуп-конуу тилкеси оңдоого муктаж. Бирок аны Кыргызстан оңдой албайт, Орусия буга 2 миллиард доллар акча жумшайт.

Исхак Пирматовдун айтымында, азыркы мыйзам долбоорунда жер тилкеси тууралуу сөз жок.

Кыргызстандын Кант шаарындагы орусиялык аскердик базанын статусу жана шарттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат. Макулдашууга 2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы макулдашуу боюнча, Орусия тарап ижарага алган жердин аянты 866,2 га түзөт. Ал эми биргелешкен инвентаризациянын негизинде аянты 924,52 га болгон. Ошол эле учурда Россия келишимде көрсөтүлгөндөн 58,32 га көп жер тилкелерин пайдаланат.

Орусия тарабынан жер тилкелерин жана суу аянтын пайдалануу үчүн жылдык ижара акысынын суммасы 4 млрд 500 млн долларды түзөт. Протокол күчүнө киргенден кийин, сумма 4 млрд 800 млн долларды түзөт.

Орусия ошондой эле учуу мейкиндигин пайдалангандыгы үчүн ижара төлөп берет. Коомчулукта аба базанын учуу-конуу тилкесин кайсы тарап оңдосо, менчик укугу ошол тарапка өткөрүлүп берилет деген сөздөр тараган.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, ажырагыс жакшыртууга менчик укугу өткөрүлүп берилбесе акча да бөлүнбөйт. Ошондуктан Кыргызстандын Башкы штабы макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин ал объектилерди кыргыз тарапка кайтарып берүү жагын иштеп чыккан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM