Биз менен байланышыңыз

Балмуздакты кимдерге жегенге болбойт? (дарыгердин кеңеши)

Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 1657 | 0

Көптөгөн врачтар балмуздакты көп жей берүүнү сунуш кылбайт. Айрым учурларда жеген балмуздактын санын (порциясын) көзөмөлдөө керек деп эсептейт медициналык журналист жана дарыгер терапевт Ольга Кашубина Sputnik радиосуна берген маегинде.

Ольга Кашубина: «Балмуздактын зыяны тиет деп коркуп, жебей коюу да туура эмес. Эгер сиздин тиштериңизде көйгөй жок болсо, анда күнүмдүк нормадан ашырбай, балмуздак жей берсеңиз болот”, — деп кошумчалайт.

-Балмуздактын эң негизги зыяны — бул курамындагы кант. Эгерде адамдын ден-соолугу чың болсо, балмуздак жегенде, күнүмдүк чектен ашып кетпеши үчүн канттын көлөмүн көзөмөлдөшүңүз керек. Эгер диета кармасаңыз, балмуздакты ар дайым жей берүүдөн баш тартканыңыз оң болот. Бул таттуу азык, аны десерт катары гана жеш керек, -деди Ольга Кашубина.

Канты көп болгондон улам, балмуздакты жаш балдарга көп жедирүү туура эмес.

Балмуздак тишке терс таасирин тийгизип, тиштин чиришине алып келиши мүмкүн. Андыктан, балага балмуздак бергенден кийин тишин жуудурушуңуз керек.

Балмуздактын дагы бир зыяны — анын курамында лактоза бардыгы.

«Эгерде сиздин организм сүттү жакшы кабыл албаса, балмуздактан кийин ичегилерде жагымсыз белгилер же кийинчерээк оорулар пайда байкалышы мүмкүн. Андыктан, балмуздакты аз өлчөмдө жеген жакшы. Сүткө аллергия болбосо, коркунучтуу эмес. Бирок, эреже катары, сүткө аллергиясы бар адамдар эч качан балмуздак жебеши кажет.

Бирок, күн өтө ысыкта балмуздак жеген адамдын ден-соолугуна тескерин тийгизбейт деп белгилейт терапевт.

Балмуздакты өтө ысык аба ырайында жеген учурда болгону адамдын үнүнө гана таасирин тийгизет. Анткени муздак даам үн түйүндөрүнө терс таасир берет. Ал эми дененин табын балмуздак кескин төмөндөтө албайт. Мындан улам, ал ден-соолукка коркунучтуу эмес жана терс таасирин тийгизбейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM