Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус менен дагы 23 адам катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында кабарлады.
Анын ичинде:
Бишкек шаарында – 6;
Чүй облусу – 2;
Ош шаарында – 4;
Ош облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 4;
Нарын облусу – 1;
Ушуну менен коронавирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 2055ке жетти.
Бир сутка ичинде коронавирус жуктургандардын үчөө медициналык кызматкерлер экени аныкталды. Ал эми стационарлардан 11 медкызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылды.
COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – жалпы 403 учур катталды, алардын ичинен 293 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.