Connect with us

Мүлктөрдү ижарага берүүдөн түшкөн каражат үч эсеге көбөйдү

Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 477 | 0

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда «Акционердик борбор» мекемеси түзүлдү. Анда мүлктөрдү онлайн ижарага берүү боюнча соодалашууну өткөрүү аркылуу бюджетке түшкөн каражат көбөйдү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакуловду кабыл алган учурда маалым болду.

2015-жылга салыштырмалуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн түшкөн киреше дээрлик үч эсеге көбөйдү. Үстүбүздөгү жылы мамлекеттик ишканалардын таза пайдасы 550 млн сомду түзөрү күтүлүүдө. Бул башта бекитилген пландан 50 млн сомго ашыкча каражат болуп саналат.

Бүгүнкү күндө 33 акционердик коом менен 104 мамлекеттик ишкананын отчётторун электрондук форматка которуу аракети көрүлүүдө. Алардын бардык каржылык-экономикалык ишмердүүлүктөрү Фонддун сайтына жайгаштырылат.

Жылдызбек Исакуловдун айтымында, мамлекеттик мүлктөрдү инвентаризациялоо алкагында, миңден ашуун объектини инвентаризациялоо пландаштырылууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM