Биз менен байланышыңыз

Депутат Руслан Чойбеков мандатын тапшырат

Кыска кабар | 8 Июн 2020 | 875 | 0

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Руслан Чойбеков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты жазды.

Мындан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясынын 9-июндагы жыйынында “Кыргызстан” партиясынын тизмесинен Руслан Молдошевди да чыгаруу маселеси каралат.

Руслан Чойбеков 2018-жылы апрель айында Дамирбек Асылбек уулунун ордуна депутат болуп келген. Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда аткезчилик боюнча кармалган.

«Кыргызстан» партиясынын тизмесинде Руслан Молдошевден кийин Замирбек Эсенаманов турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM