Биз менен байланышыңыз

Беткап тагуу — коронавирустун жайылуу тобокелдигин азайтат

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июн 2020 | 479 | 0

Өткөн жумада Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму медициналык беткапты тагуу боюнча эрежени өзгөртүп, коомдук жайларда беткап тагынууну милдеттендирүүнү сунуштаган.

Уюмдун жетекчиси Тедрос Гебрейесус, беткап тагуу менен чектелбей, комплекстүү чараларды аткаруу керектигин айтты.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму акыркы иликтөөлөргө таянып, коронавирус көп жайылып жаткан аймактарда, социалдык обочолонуу эрежесин сактоо мүмкүн болбогон жерлерде беткап тагынуу коронавирустан коргонуунун эффективдүү жолу экенин билдирет.

Пандемия башталган учурда беткапты коронавирус жуктуруп алган адам же аны менен байланышта болгондор, медициналык кызматкерлер гана тагышы керектиги сунушталган.

8-июнга карата Кыргызстанда коронавирусту дагы 25 адам жугузуп алганы аныкталды. Республика боюнча коронавирус менен катталгандардын саны 2032ге жетти. Учурда 564 адам дарыланып жатат, алардын ичинен үч киши реанимацияда.

Коронавирустан айыккандардын саны 1445ти түзөт. Бул илдеттен 23 киши кайтыш болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM