Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан каза болгон аял мектеп директору болгон

Кыска кабар | 8 Июн 2020 | 423 | 0

Нарында коронавирустан каза болгон 67 жаштагы Айчүрөк Самакова №2 мектеп-гимназиясынын директору болгон. Ал Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Карганбек Самаковдун эжеси экендиги маалым болду.

Бүгүн, 8-июнда өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйынында, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус жуктуруп алган 67 жаштагы аял каза болгонун кабарлаган.

Бейтап абалы өтө оорлошуп кеткендиктен 7-июнда жүрөгү токтоп калган. Ал өпкөсүнөн эки тараптуу пневмония болгон, ак кан оорусу менен да жабыркачу экен. Кан басымы өтө жогору болуп, коронавирус бул илдеттерин курчутуп жиберген. Үсөнбаевдин айтымында, бейтап өз алдынча дарыланып жүрүп, ооруканага кеч кайрылган.

8-июнга карата Кыргызстанда коронавирусту дагы 25 адам жугузуп алганы аныкталды. Республика боюнча коронавирус менен катталгандардын саны 2032ге жетти.

Учурда 564 адам дарыланып жатат, алардын ичинен үч киши реанимацияда.

Коронавирустан айыккандардын саны 1445ти түзөт. Бул илдеттен 23 киши кайтыш болду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM