Биз менен байланышыңыз

Өлкө аймактарында нөшөрлүү жаан жаайт

Кыска кабар | 8 Июн 2020 | 282 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, 8-июндан 10-июнга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөрүн кабарлады. Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-9-июнда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нөшөрлүү жаан жаайт.

Буга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Эртең, 9-июнда өлкө аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлүү жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20.

Нарында 6…11, күндүз 15…20.

9-июнда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын түнкү температурасы 11…13, күндүзгү жогорку температурасы 23…25° жылуу болушу күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM