Биз менен байланышыңыз

Баткенде ЖРТ үчүн 8 мектеп даярдалды

Кыска кабар | 8 Июн 2020 | 329 | 0

Баткен облусу боюнча 21-25-июнда боло турган жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү үчүн 8 мектеп даярдалды. 5011 бүтүрүүчүнүн 3226сы тестирлөөгө катышат.

Учурда облустун бардык аймактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери менен биргеликте дүкөндөрдө, калкты тейлөө түйүндөрүндө, көчөлөрдө ж. б. коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

5-июндан тарта облуста мектепке чейинки мекемелерге иштөөгө уруксат берилген. Облуста 192 бала бакча бар. Анын ичинен, 165и мамлекеттик, 27си жеке менчик бала бакча. Бардык тарбиячылардын саламаттыгы текшерилип, ПЧР-анализдери алынып, текшерүүдөн өтүүдө. Облус боюнча 1024 тарбиячы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM