Биз менен байланышыңыз

Баткенде 32 бейтаптын 27си айыгып ооруканадан чыкты

Кыска кабар | 8 Июн 2020 | 316 | 0

Баткен облусунда коронавирус жуктурган беш киши дарыланып жатат, калгандары үйлөрүнө чыгарылган. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова онлайн жыйында билдирди.

Облуста жалпы 11818 адамдан коронавируска анализ алынган. Бүгүнкү күндө короновирусту жугузгандардын саны 32ни түзөт. Алардын ичинен сырттан жугузуп келгендер 21. Жалпы 32 бейтаптын 27си айыгып оорукандан чыкты, 5 жаран дарыланууда.

Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 2032ге жетти. Алардын ичинен 1445 адам айыгып, 23 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM