Биз менен байланышыңыз

Кытайда экспорт жана импорт төмөндөп кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июн 2020 | 378 | 0

Кытайда экспорт жана импорт төмөндөп кетти. Рейтерс агенттиги май айындагы көрсөткүчтөр боюнча аналиктиктерден сурамжылоо жүргүзүп, экспорт 3,3 пайыз, импорт 16,7 пайызга төмөндөгөнүн жазды.

Коронавирус илдети менен күрөшүү экономикалык абалга таасир этип, апрель айында импорт 14,2 пайызга түшкөн.

Кытайдын соода балансы май айында 62 млрд 93 млн долларды түздү, негизи бул айда 39 млрд доллар болору күтүлүп жаткан. Бул көрсөткүч 1981-жылдан бери келе жаткан көрсөткүчтөрдүн эң жогоркусу болду.

Апрель айында профицит 45,34 миллиард долларды түзгөн.

Май айында Кытайдын АКШ менен соода жүгүртүүсү 27,89 миллиард долларга жетти.

Май айында Кытайдын соода министри Чжун Шань өлкөнүн тышкы соода алакасы мурда болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгын айткан. Анткени COVID-19 пандемиясы дүйнөлүк талапты чектейт. Буга байланыштуу кытай өкмөтү ички суроо-талапты жана керектөөнү колго аларын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM