Биз менен байланышыңыз

Сыдымановдун айткандарына кайра экспертиза дайындалды

Кыска кабар | 8 Июн 2020 | 509 | 0

Блогер Элмир Сыдымановдун иши кайра карала турган болду. Бишкектин Октябрь райондук соту блогердин видео кайрылуусундагы айткандары боюнча кайрадан психо-лингивистикалык комплекстүү экспертиза дайындоо чечимин кабыл алды.

Сыдымановдун жактоочусунун айтымында, бүгүн ага акыркы сөз берилип, чечим чыгарылмак. Бирок жактоочу буга чейин видеого толук түрдө экспертиза кылуу өтүнүчүн келтирген.

Анын жыйынтыгы бир айга жакын убакытта чыгышы мүмкүн.

Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталууда. Аны сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну Прокуратура сураган.

Сыдыманов «Инстаграм» баракчасы аркылуу түз эфирде түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жараткан. Ал 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM