Биз менен байланышыңыз

Үсөнбаев: Кайдыгерлик коронавирустун тарап кетишине себеп болот

Кыска кабар | 8 Июн 2020 | 555 | 0

Кыргызстанда коронавирусту кай жактан жугузуп алганы белгисиз учурлар көбөйүп жатат. Бул тууралуу Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бүгүнкү катталгандардын арасында 10 адамдын бул вирусту жугузуп алган булагы аныктала элек.

Саламаттык сактоо министрлиги берген эрежелерди бузган жарандар көп болуп жатат. Беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо деген талаптар аткарылбай жатат. Биз бүгүн кылдат мамиле кылбасак, эртең эпидемиянын тарап кетишине себепкер болушубуз мүмкүн. Кайдыгер карабастан, өзүңүздөрдүн илдетке болгон мамилеңиздерди өзгөртсөңүздөр, — дейт ал.

8-июнга карата коронавирусту дагы 25 адам жугузуп алганы аныкталды. Анын 18 учуру Бишкек шаарында, 7 учуру Чүй облусунда катталды. Жаңы учурлардын экөө сырттан келгендерден чыкты, 13ү байланышта болгондордун арасынан аныкталган, калган 10 учурдун вирус жуктурган булагы тактала элек.

Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 2032ге жетти. Алардын ичинен 1445 адам айыгып, 23 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM