Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус дагы 25 адамдан чыкты

Кыска кабар | 8 Июн 2020 | 505 | 1

Бүгүн, 8-июнга карата Кыргызстанда коронавирусту дагы 25 адам жугузуп алганы аныкталды.

Анын 18 учуру Бишкек шаарында, 7 учуру Чүй облусунда катталды. Жаңы учурлардын экөө сырттан келгендерден чыкты, 13ү байланышта болгондордун арасынан аныкталган, калган 10 учурдун вирус жуктурган булагы тактала элек.

Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 2032ге жетти. Алардын ичинен 1445 адам айыгып, 23 адам каза болду.

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2359 изилдөө жүргүзүлдү.

1 пикир

1 пикир

  1. Чыкке

    08.06.2020 13:11

    Бул саламаттык сактоо министрлиги менен окмоттун коронавирустун мынча адам жукту мынча адам ооруду мынча адам сакайды дегенден башка маалымат жокпу булар коронавирус менен курошпой эле статистика менен убара го деги кыргызстан качан онолот. Мумкун мамлекет башчы Сооке байке катуу чарар корор аткминерлерин деги реалдуу турдо иштегендерин корбодук премерин да вицелерин да министрлерин замдарын стат катчыларын баарын отставкасын жана жоопкерчилигин талап кыла турган мезгил келди. Мухамедкалый Абылгазиев качып кеткен окшойт дымы чыкпай калды

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM