Биз менен байланышыңыз

Элмир Сыдымановго карата сот чечими чыгары күтүлүүдө

Кыска кабар | 8 Июн 2020 | 345 | 0

Бүгүн, 8-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун иши каралат. Бүгүнкү отурумда айыпталуучу акыркы сөзүн айтып, ага чечим чыгарылары күтүлүүдө.

5-июндагы отурумда Октябрь райондук сотунун алдына блогерди колдоп, жакындары келген.

Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталууда. Аны сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну Прокуратура сураган.

Сыдыманов «Инстаграм» баракчасы аркылуу түз эфирде түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жараткан. Ал 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM