Биз менен байланышыңыз

ДССУ беткап тагууну милдеттендирүүнү сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июн 2020 | 505 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму медициналык беткапты тагуу боюнча эрежени өзгөртүп, коомдук жайларда беткап тагынууну милдеттендирүүнү сунуштады.

Уюмдун жетекчиси Тедрос Гебрейесус, беткап тагуу менен чектелбей, комплекстүү чараларды аткаруу керектигин айтты.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму акыркы иликтөөлөргө таянып, коронавирус көп жайылып жаткан аймактарда, социалдык обочолонуу эрежесин сактоо мүмкүн болбогон жерлерде беткап тагынуу коронавирустан коргонуунун эффективдүү жолу экенин билдирет.

Пандемия башталган учурда беткапты коронавирус жуктуруп алган адам же аны менен байланышта болгондор, медициналык кызматкерлер гана тагышы керектиги сунушталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM