Биз менен байланышыңыз

Талас облусуна быйыл 2,5 эсе көп инвестиция тартылды

Кыска кабар | 6 Июн 2020 | 282 | 0

Талас облусуна жыл башынан бери 2 млрд 49,4 млн сом инвестиция тартылды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйыны учурунда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

5 ай ичинде салык төлөмдөрүнөн 419 млн сом топтолуп, план 131,4 пайызга аткарылган.

Мураталиевдин айтымында, быйыл инвестиция былтыркыга караганда 2,5 эсеге көп тартылган.

Ошондой эле, буга чейин 3 жыл ичинде 32-33 чакырым жолго асфальт төшөлгөн болсо, былтыр 156,7 млн сомго 34,5 чакырым жолго асфальт төшөлдү.

Талас облусунда 91 айыл болсо, 2023-жылга чейин бардык айылдарды таза суу менен камсыз кылуу пландалууда.

Президенттин тапшырмасы боюнча 2023-жылга чейин Талас жана Баткен облусу таза суу менен камсыз болушу керек. Бизде 56 айылда таза суу түтүктөрү бар, 24 айылда таза суу түтүктөрүнө оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл. 11 айылда таза суу түтүктөрү жок,- деди Мураталиев.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM