Биз менен байланышыңыз

Ош: Патрулдук милиция кызматы жумушка чакырат

Кыска кабар | 6 Июн 2020 | 862 | 0

Ош шаарында түзүлүп жаткан Патрулдук милиция кызматына кызматкерлерди алуу боюнча 5-июнда конкурс жарыяланды. Документтер ушул жылдын 6-июлуна чейин кабыл алынат.

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгы буга чейин 17-мартта да конкурс өткөргөн.

Ош шаарындагы патрулдук милиция жеке эле жол коопсуздугуна эмес, жалпы коомдук коопсуздукка көзөмөл кылат. Милиция дайыма кыймылда болуп, өзүнө бекитилген аймакты кыдырып, мыйзам бузууларды каттап, кылмыштуулуктун бетин ачып, жарандарга укуктук тейлөө кызматтарын көрсөтүшөт.

Офицердик кызматка 21 жаштан 35 жашка чейинки курактагылар жана жогорку билимдүү жарандар талап кылынат.

Катардагы кызматтарга 19 жаштан 30 жашка чейинки курактагылар орто билими менен кабыл алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM