Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы бала бакчалардын иштөөсү боюнча жаңы эрежелерди киргизди

Кыска кабар | 6 Июн 2020 | 501 | 0

Бишкектеги муниципалдык жана жеке бала бакчалардын кызматкерлери коронавируска каршы ПЦР-тест тапшырышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

6-июнга карата балдар менен иштей турган кызматкерлердин дээрлик баары тест тапшырып бүттү.

Мэрия бала бакчалар үчүн жаңы эреже-шарттарды иштеп чыкты. Алар:

  1. Бала бакчалардын иши жөнүндө убактылуу жобо;
  2. Ата-энелер үчүн анкеталар;
  3. Баланын ден-соолугун камсыз кылуу үчүн ата-энелик милдеттенменин формасы.

Документтердин топтому Саламаттыктык сактоо жана билим берүү министрликтери менен макулдашылып, ага шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова кол койду.

Документ пандемия учурунда бала бакчалардын иштөө шарттарын аныктайт. Алсак, балдардын бакчага кирүү тартиби, жеке гигиена эрежелерин сактоо үчүн шарттарды түзүү, аралыкты сактоо, массалык топтолуунун алдын алуу, күнүнө 4-5 жолу бала бакчаны тазалап, абанын алмашуусун камсыз кылуу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM