Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда 8-июндан тарта коомдук транспорт иштей баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июн 2020 | 280 | 0

Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 4022 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен 3247си айыгып, 16 бейтап каза болду. 759 бейтап ооруканаларда дарыланууда, алардын онунун абалы оор болсо, үчөө өтө оор абалда.

Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша «кызыл», «сары» жана «жашыл» сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

8-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен шаардык жана шаар четиндеги маршруттардагы метродон тышкары коомдук транспорт иштей баштайт.

Ошондой эле, 8-июндан тарта диний мекемелер да өз ишин жандантат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM