2020-жылдын январь-май айларында пенсия жана жөлөкпулдарды берүүгө 19 млрд 690 млн сом жумшалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду кабарлайт.
Облус жана шаарларга бөлгөндө:
Бишкек шаары — 670,2 млн сом;
Чүй облусу — 609,7 млн сом;
Нарын облусу — 317,6 млн сом;
Ысык -Көл облусу — 357,8 млн сом;
Талас облусу — 164,5 млн сом;
Ош шаары — 144,0 млн сом;
Ош облусу — 739,6 млн сом;
Баткен облусу — 315,8 млн сом;
Жалал-Абад облусу — 683,0 млн сом.
Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2020-жылдын май айында 4 млрд сомду түздү.