Биз менен байланышыңыз

АКШ: Байден талапкерлигин көрсөтүү үчүн жетиштүү добуш алды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июн 2020 | 392 | 0

АКШнын мурунку вице-президенти Жозеф Байден президенттик шайлоодо талапкерлигин расмий көрсөтүү үчүн делегаттардан жетиштүү добуш топтой алды. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс басылмасына таянып, Риа Новости жазды.

Агенттиктин маалыматы боюнча, президенттикке талапкер өзүн көрсөтүү үчүн эң аз дегенде 1991 делегаттын добушун алуусу керек. Учурда Жо Байден агенттиктин эсеби боюнча 1993 добуш топтоду.

АКШнын мурдагы вице-президенти Жозеф Байден 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын былтыр жарыялаган.

Трамптын башкы атаандашы, америкалык саясатчы Жо Байден АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо демилгесин колдоп келет.

Ал АКШнын президенттигине 2 жолу, 1988-2008-жылдары ат салышып, бирок ийгиликке жеткен эмес. Байден 2009-2017 жылдары ошол кездеги президент Барак Обаманын администрациясында вице-президенттик кызматты аркалаган.

АКШда 2020-жылдын 3-ноябрында президенттик шайлоо өтөт.

Байден демократтардан чыккан жалгыз талапкер. Ал эми республикачылар учурдагы президент Дональд Трампты экинчи мөөнөткө сунушташат. Партиялардын съезди август айына белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM