Биз менен байланышыңыз

Санитардык талаптарды аткарбаган ишкерлерге 2 млн сомдой айып салынды

Кыска кабар | 6 Июн 2020 | 268 | 0

Кыргызстанда санитардык талаптарды аткарбаган ишкерлерге 1 млн 855 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Санэпидкөзөмөл департаменти өлкө боюнча 11016 объектини текшерген. Жыйынтыгында, 1250 объектиге айып салынды.

30-апрелден 4-июнга чейин санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана эрежелерди сактоо боюнча 11016 объект текшерилген. Мындан улам, республика боюнча жалпы суммасы 1 млн 855 миң сомго айып салынган. Ошондой эле 5546 жазма буйрук жана 397 эскертүү берилип, 1271 протокол түзүлгөн.

Негизинен, курулуш, тейлөө тармагы, соода түйүндөрү, дүкөн, банк, чач тарач, сулуулук салон, медборбор, такси, цех, унаа оңдоочу жай, мейманканалар текшерилген.

6-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 1974кө жетти. Алардын ичинен 389у медицина кызматкери. Илдеттен 1360 жаран айыгып, 22 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM