Connect with us

Боронов: Ички каттамдар үчүн билет баалары жөнгө салынышы керек

Кыска кабар | 6 Июн 2020 | 761 | 0

Билет баалары жогору экенин айтып кайрылгандар болууда, муну жөнгө салуу керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортуна барган учурда айтты. Ал ички аба каттамдарын жандандырууга болгон даярдык менен таанышты.

«Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторунун аэробекеттер комплексинин имаратына көрсөтүлгөн күнгө билети бар жүргүнчүлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды коштогон жактар гана киргизилет. Узатуучу жана тосуп алган жарандар үчүн аэробекетке кирүү чектелген, алар үчүн күтүүгө өзүнчө орун даярдалган.

Аэробекеттер имаратынын кире беришинде бардык жүргүнчүлөр жана жүк милдеттүү түрдө дезинфекциялоочу туннелден, термометрдик көзөмөлдөн жана дене табын текшерүүчү тепловизордук камералар менен ченөөдөн өткөрүлөт.

Сөзсүз түрдө беткап тагынып, аралыкты сактоо зарыл.

Жүргүнчүлөрдөн клиникалык белгилер аныкталган шартта (жогорку дене табы, жөтөл, дем жетпөө, дем кысылуу, чыйрыгуу жана башка) ооруканага жаткырылат. Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр анкеталык маалыматтарды толтурушат.

Ички аба каттамдарын жандандыруу инфекциянын жайылышына алып келет. Ошондуктан, бардык көзөмөлдөөчү органдар текшерүү алгоритмдерин так аткарып, зарыл шартта ыкчам чара көрүүгө тийиш. Келген жүргүнчүлөргө көзөмөлдүн катуу болушу шарт. Мындан тышкары, билет баасынын жогору экендиги тууралуу жарандардын кайрылуулары түшүүдө. Тармактык органдар бул маселени иштеп чыгып, жөнгө салышы керек, — деди биринчи вице-премьер-министр.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM