Биз менен байланышыңыз

Дагы 20 бейтап коронавирус илдетинен айыкты

Кыска кабар | 6 Июн 2020 | 256 | 0

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус илдетин алып жүргөн 20 бейтап  айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Айыгып чыккандардын ичинен Бишкек шаарынан — 14, Нарын облусунан — 3, Ош облусунан — 3 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1360 бейтап бар.

Кыргызстанда коронавирус жуккан 38 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1974 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 22 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM