Биз менен байланышыңыз

Нарында селден улам 4 турак үй авариялык абалга келген

Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 409 | 0

Нарын шаарында сел калдыктарынан 63 турак жай тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

3-июнда Нарын шаарында нөшөрлүү жаандан улам коктулардан келген сел суулары Чоң-Нарын каналынан ашкан. Анын кесепетинен Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан 50 турак үйдүн ичине суу кирип, короосун каптаган. 32 турак үйдүн короосуна, 3 көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирген.

Ошондой эле 4 турак үй авариялык абалга келген. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу жана Жарандык коргонуу комиссиясы кошумча тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Д. Алимбеков Нарынга барып, селдин кесепеттерин жоюуну көзөмөлдөдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM