Биз менен байланышыңыз

10-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 344 | 0

5-июндан 10-июнга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.

5-июнда күндүз, 6-7-июндарда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 8-9-июнда республиканын кээ бир аймактарында нөшөрлүү жаан жаайт.

5-6-июнда айрым жерлерде мөндүр жаашы ыктымал.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM