Биз менен байланышыңыз

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын учурдагы жана мурдагы жооптуу адамдары кармалды

Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 559 | 0

“Кыргыз темир жолу” ишканасында мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматка караганда, ишкананын жооптуу адамдары чарба субъектилери менен бирге жогору баада мамлекеттик сатып алууларды туруктуу түрдө уюштуруп келишкен. Ал чарба субъектилери келишимдин өлчөмүнүн 15 пайызын ишкананын мурдагы жетекчилигине берип турган.

Бул факты соттук өндүрүшкө алынып, соттук экспертиза жана Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыгында, мамлекетке бир топ материалдык зыян келтирилгени аныкталган.

Учурда Кылмыш кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоого шектелип 4 адам кармалган. Алардын арасында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын учурдагы жана мурдагы жооптуу адамдары, камсыз кылуучу компаниянын бир өкүлү бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM