Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин сайты Матраимовдордун жардамы тууралуу жазды

Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 348 | 1

Жогорку Кеңештин расмий сайты Исмаил Матраимов атындагы фонд Саламаттыкты сактоо министрлигине 17 жасалма дем алдыруучу аппарат бергенин жазды.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов бул аппараттар бекер алып берилгенин билдирген.

Исмаил Матраимов атындагы фонд, Кыргызстандагы медициналык мекемелерде жасалма дем алдыруучу аппараттардын жетишсиздигин эске алып, 19 аппарат алып берүүнү чечкен. Буга чейин эки аппарат берилген”- дейт Матраимов.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бул мамлекет үчүн олуттуу жардам болгонун айткан.

Пандемия башталгандан бери Исмаил Матраимов фонду 10 тепловизор, 20 миң даана экспресс-тест, 250 миң медициналык беткап, 500 коргоочу костюм, 500 коргоочу көз айнектерди берген.

Мындан тышкары, “өзгөчө абал” учурунда коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 10 млн сом которгон.

1 пикир

1 пикир

  1. Чыкке

    05.06.2020 17:00

    Мен кээде тушунбой да кетем ушунчалык минздрав жардыбы эч элди ойлоп койбойт качан корсон тилемчидей болуп жардам алып турат дагы уялбай акылдуусунуп маалыматтарды берип же сатистика менен убара огуну мына Сокулукта жаны торойун деген келинди канча кыйнашты токмо акын Элмирбекти жоготуп алдык ошолордун айына элге кайрыларым аларга ишенгиче часный килиникаларга барсан жакшы карашат и арзан жана сакайып кетесин

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM