Биз менен байланышыңыз

Министрлик бала бакчага балдарды зарыл шартта гана жиберүүнү сунуштайт

Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 502 | 0

Ата мекендик компанияларга беткаптарды жана антисептиктерди өндүрүүнү баштоого көмөктөшүү зарыл. Мындай тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында мамлекеттик  жана жергиликтүү бийлик органдарына берилди.

COVID-19 илдетин жуктургандардын бири инфекцияны шаардын үч ири базарынын биринен жуктурганы болжолдонууда. Буга байланыштуу бардык санитардык чараларды күчөтүү сунушталды. Базарларда вирусту жуктуруунун жогорку тобокелдиги байкалып, көпчүлүк жарандар беткап тагынбай жана аралыкты сактабай жатышат.

Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, калаанын бардык базарларында бирдиктүү стандарт киргизилген. «Дордой» базарында күн сайын дезинфекциялоо жүрүүдө.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, социалдык аралык эрежелерин сактоону эске алуу менен жаңы ыкма иштелип чыккандыгын билдирди.

«Биз усулдук ыкмаларды балдар топтошуп ойнобой тургандай кылып өзгөртүп, социалдык аралык сактала турчудай оюндарды киргизип жатабыз. Кийинки жумада тарбиячылар үчүн тренингдер өткөрүлөт. Биз ата-энелерге балдарды өтө зарыл шартта гана бала бакчага жөнөтүүнү сунуштайбыз. Эгерде баланы карай турган адам болсо, коопсуздук максаттарында баланы үйгө эле калтырган оң болот», — деди Жусупбекова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM