Биз менен байланышыңыз

Коронавирус байланыш аркылуу көп жайылууда

Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 387 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган оорулуулар менен байланышта болгондор көбөйүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталгандан бери 123 миң киши оорулуулар менен байланышта болгондугу үчүн обсервацияга алынган. Үсөнбаевдин айтымында, бул өтө чоң сан.

Анткени карантиндик эрежелер сакталбай жатат. Учурда кайра тартип бошоңдоп кетти. Маска кийбей, көчөдө жүрүп жатасыздар. Биз жалаң эле айып тагып, жазалоо менен иштегенибиз туура эмес,- деди Үсөнбаев.

Башкы санитардык дарыгердин айтуусуна караганда, 8 миңден ашык адам үй карантининде отурат. Анын ичинен 120 адам үй карантининин шартын бузушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM