Биз менен байланышыңыз

Блогер Элмир Сыдымановдун иши каралууда

Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 443 | 0

Бүгүн, 5-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Октябрь райондук сотунун алдына блогерди колдоп жакындары келди.

Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча айыпталууда. Аны сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну Прокуратура сураган.

Сыдыманов «Инстаграм» баракчасы аркылуу түз эфирде түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жараткан. Ал 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM