Биз менен байланышыңыз

Муфтият мечиттерге баруудагы талаптарды иштеп чыкты

Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 741 | 0

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы мечиттерге баруунун эреже-шарттарын иштеп чыкты. Республикалык ыкчам штабдын чечимине ылайык, мечиттерге барууга 8-июндан тарта уруксат берилет .

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар бир катар эрежелерди так аткаруусу талап кылынат:

Мечитке ибадат кылуучулар төмөнкү шарттарды аткаруусу керек:

Күнүмдүк беш убак намазга жана жумага келүүчү жарандар беткап тагынуусу керек;

Мечиттин айланасы дезинфекцияланып, келүүчүлөрдүн дене табы текшерилет;

Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл;

Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;

Даарат алчуу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо керек;

Жаш балдар жана жашы өтүп калган кары-картаңдар, ошондой эле ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу сунушталат;

Өлкө аймагындагы бардык мечиттердин имамдарына даярдык көрүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилет;

Мындан тышкары, Муфтият мечитке бара турган жарандарга дааратты үйдөн алууну жана сүннөт намаздарды үйдөн окүп келүүнү сунуштайт;

Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетиши керек;

Жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда окулат;

Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала барышы сунушталат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 18-мартта алгачкы жолу коронавирус катталып, көпчүлүк мекеме-ишканалар жабылган. Учурда коомдук жайлар кайра ишин жандантууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM