Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 4-июнга карата 28 адамдан коронавирус чыкты

Кыска кабар | 4 Июн 2020 | 485 | 0

Кыргызстанда 4-июнга карата 28 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн жыйында билдирди.

Жаңы учурлар Бишкек шаарында -15, Нарын облусунда -1, Ош шаарында -4, Ош облусунда -6, Чүй облусунда -1 жана Ысык-Көл облусунда -1 учур катталды. Коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1899 адамга жетти.

Жаңы катталган 28 учурдун ичинен бири четтен келген жарандан табылган, 20сы медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды. Ал эми калган 7 киши вирусту кайдан жугузуп алганы белгисиз.

Учурда 12 адамдын абалы оор, анын ичинен үч киши реанимацияда жатат. Жалпысынан 587 бейтап дарыланууда.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 27 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. Анын ичинде Бишкек шаарынан 24, Ош облусунан 1, Баткен облусунан 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1292 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен катталган 1899 учур бар. Бул илдетти жугузуп алган 20 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM