Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште чек ара маселеси боюнча маалымат угулат

Кыска кабар | 4 Июн 2020 | 423 | 0

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында чек ара маселелери боюнча өкмөт маалымат берет. Мындай сунушту депутат Закир Шарапов киргизди.

Ал өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен кыргыз өкмөтү 31-майдагы окуяда кандай сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн ачыктоо, так маалыматтарды берүүнү өтүнгөн.

31-майда Баткен облусунун Айдаркен шаарчасынын Чечме айылынын жана Өзбекстандын Сох анклавынын элинин ортосунда чыр чыккан. Эки тарап бири-бирине таш урушкан. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, чыр аймактагы суу талаштан улам келип чыккан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 31-майда кыргыз-өзбек чек арасында чыккан чырдан Кыргызстандын 20га жакын жараны жаракат алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM