Биз менен байланышыңыз

УКМК «Азаттыктын» президенти Жейми Флайга кат жөнөттү

Кыска кабар | 4 Июн 2020 | 596 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флайга расмий кат жөнөткөнүн кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, катта «Азаттыктын» кыргыз кызматынын журналисттери Али Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун, Стамбулда атып өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин иши боюнча сурак берүүсү үчүн тергөө органдарына келишин камсыздоого көмөктөшүүсү айтылган.

УКМК «Азаттык» радиосунун журналисттеринин Айеркен Саймаитинин иш-аракетине байланыштуу жарыялаган иликтөөсү жана ага берилген документтерге байланыштуу тергөө жүрүп жатканын маалымдайт.

Берилген материалдарды мыйзам чегинде тастыктоого жана журналисттерге карата болгон коркутууларга карата тиешелүү чараларды көрүүгө даяр. Журналисттердин коопсуздугун толук камсыз кылууга кепилдик берет.

Журналисттер иликтөө жасап, бажыдагы коррупция, өлкөдөн чыгарылып кеткен миллиондор тууралуу бир топ далилерди табышкан. Айэркен Саймаити иликтөөдөгү башкы күбөлөрдүн бири. Ал «Азаттыкка» көптөгөн далил материалдарды бергенден кийин өмүрүнө коркунуч келип жатканын айтып чыккан. Андан кийин 2019-жылдын 10-ноябрында атып өлтүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM