Биз менен байланышыңыз

Асрандиев: Радиожыштыктар мамлекеттин активи

Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 388 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Верный капитал» жана «Скай Мобайл» компанияларынын өкүлдөрү менен жолуккандыгы тууралуу cоциалдык тармактарда маалымат тарады. Буга байланыштуу өкмөт маалымат таратып, жогоруда аталган компаниялар менен вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жолугушканын билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 15-майында вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин жана Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлеринин «Верный капитал» компаниялар тобунун башкы директору Ерлан Оспанов, «Скай Мобайл» ЖЧКсынын башкы директору Евгений Кражан менен Кыргызстандагы «Скай Мобайл» компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча жолугушуу өткөн.

Анда негизинен салык жана радио жыштыктар маселелери талкууланган. Анын ичинде салык кызматынын жана компаниянын ортосунда талаштуу болгон роумингге жана резидент эместердин кирешесине КНС кошуу маселеси каралган.

Ошондой эле «Скай Мобайл» компаниясынын радио жыштыктарды сатып алуу темасы да козголду.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев радиожыштыктар мамлекеттин активи болуп саналарын жана мамлекет жыштык ээси катары пайда көрүүчү болушу керектиги тууралуу позициясын билдирген.

«Ала-ТВ кайсы бир учурда бул жыштыкты минималдык баада сатып алган, а бүгүн анын наркы алда канча жогору. Биз жыштыкты сатуу ачык сынак аркылуу ишке ашырылышы керек деп эсептейбиз», — деди вице-премьер-министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM