Connect with us

Ош облусунда жер силкинди

Кыска кабар | 30 Май 2020 | 827 | 0

Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 30-майда саат 10:25те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат, Жыланды, Красный-Маяк, Кара-Дыйкан, Шералы, Мырза-Аке айылдарында 4 жарым балл, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында, Көк-Жаңгак шаарында, Октябрь, Сузак айыл аймактарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM