Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бир жаран 24 кесиптешине коронавирус жуктурду

Кыска кабар | 30 мая 2020 | 646 | 0

Бишкек шаарында коронавирус жуктуруп алган эркек киши илдетти кесиптештерине жугузган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Заводдо иштеген жарандын оорусу жеңил түрдө өтүп жаткандыктан ал жумушуна бара берген, 60 кесиптеши менен байланышта болгон. Алардын 24ү коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Вирус жуктуруп алган 24 кишинин ичинен бирөө өз үй-бүлөсүнөн 5 кишиге жуктурууга жетишкен.

Мындан тышкары, дагы бир учур билим берүү мекемесинде болгон. Анда иштеген кызматкер COVID-19 инфекциясын жугузуп алып, үй-бүлөсүнө да жуктурган.

Кыргызстанда 30-майга карата 60 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1722 адамга жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM