Биз менен байланышыңыз

Дагы 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 30 мая 2020 | 307 | 0

Кыргызстанда бир сутка ичинде 14 медкызматкер коронавируска кабылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 2, Нарын облусунда 12 медкызматкер илдет жуктурган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 344 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

30-майга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1722 учур катталды. Алардын ичинен 344ү медицина кызматкери. Илдеттен 1113 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM