Биз менен байланышыңыз

Бишкектин тургуну коронавирусту базарда жуктурган

Кыска кабар | 29 мая 2020 | 629 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов  республикалык штабдын жыйынында Кыргызстандагы бардык базарларда беткап тагуу режими катуу сакталышы керектигин билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги коомдук жайларда инфекция чыккан учурлар катталып жатат. Бир жаран кайрылып, вирусту ири базарлардын биринен жуктурганын айткан.

«Өлкөдөгү бардык базарларда, өзгөчө Бишкек шаарында санитардык эрежелерди сактоону тартипке келтирип, көзөмөлдөө керек. Базарларда иштеп жаткандар жана ал жакка баргандар беткапты милдеттүү түрдө тагынуусу зарыл. Базар жетекчилиги ушул маселени тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөөнү толук жоопкерчилигине алышы шарт. Санитардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары ири делген «Дордойдон» баштап, республикадагы башка базарларга чейин санитардык-эпидемиологиялык текшерүүлөрдү күчөтүүгө тийиш.  Ошондой эле коомдук жайларда жана эл көп чогулган жерлерде мындай иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүсү шарт», — деди Боронов.

Бишкекте коронавирусту жуктургандар көп аныкталып жаткандыгына байланыштуу жашоочуларды кыдырып, оорунун белгилеринин бары-жогу тууралуу сурамжылоо уланууда.

Республикалык штаб жарандарды илдеттин белгилери пайда болсо, медицина мекемелерине кайрылууга жана өз алдынча дарыланбоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM