Биз менен байланышыңыз

30-майга карата аба ырайы

Кыска кабар | 29 мая 2020 | 695 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда күн ачык болот. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүйдүн дыйканчылык аймактарында жана Таласта күн ачык болот.

Түндүк-чыгыштан ылдамдыгы 5-10 м/с жеткен шамал жүрөт. Айрым аймактарда 15-20 м/с жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +26…+31

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19
күндүз +29…+34

Ысык-Көлдө түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түндүк-чыгыштан ылдамдыгы 5-10 м/с жеткен шамал жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +29…+31 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM